Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Казыбек айылдарында электр энергиясын үнөмдөө максатында жаңы күн чырактары орнотулду.
Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бул чырактар күндүз күн нурунан кубат алып, кечинде өз алдынча иштеп, таң атканга чейин көчөлөрдү жарык кылат. Мунун аркасында көчөлөр коопсуз болуп, электр тармагына болгон күч азаят.
Мисалы, Казыбек айылына орнотулган 200 күн чыракты кадимки электр лампалары менен алмаштырсак, жылына чоң энергия сарптай турганы аныкталды. Эгер электр жарыгы колдонулса жылына 233 миң кВт/саат кетмек. Бул акчага айлантканда дээрлик 1 млн сомго чыгым болмок.
Ал эми күн чырактарына бир гана жолу – 2 млн 50 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалып, алдыдагы 10 жылдык электр чыгымы үнөмдөлүүдө. Бул – айылдын бюджети үчүн чоң пайда.
Күн энергиясы — таза, табигый жана бекер булак. Тейлөө чыгымы аз, ал эми пайдасы көп.
Ушундай күн чырактарын орнотуу азыркы тапта Кочкор районунда да уланууда.