Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Ат-Башыда жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга чара көрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун аймагында жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Ат-Башыда айрым жарандар тарабынан жайыт жерлери өз билемдик менен ээленип, турак жай жана короо-сарай курулганы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча 4 жаранга мыйзамсыз курулуштарды буздуруу жана жер тилкелерин мурдагы абалына келтирүү тууралуу бир айлык мөөнөт менен жазма буйруктар берилди.
Мындан тышкары, жайыт пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык 42 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, натыйжада жалпы суммасы 315 миң сом өлчөмүндө айып салынды.