Ат-Башыда Ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясы ачылды

Аймак 08 Декабрь 2025 12:35
593809694_890921150021790_1627937164743386297_n.jpg
591979145_890921076688464_8210069806303510844_n.jpg
591760856_890921213355117_3968120581793347962_n.jpg
591972581_890920993355139_6018984208257513957_n.jpg
592229985_890920843355154_647315948028961919_n.jpg
592257755_890920790021826_7501599896558630311_n.jpg
592370908_890920720021833_5274564422103706371_n.jpg
593615132_890921270021778_7781967973625103683_n.jpg
593709867_890920890021816_3761400198150973271_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Ат-Башы районунда Ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясы ачылды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, мында азык-түлүктөрдө (эт, сүт, балык, жер-жемиш жана башка) адамдын ден соолугуна зыяндуу заттардын, антибиотиктердин калдыктары бар же жок экендиги, микробиологиялык булганууну жана мителерди аныктоо менен физикалык-химиялык көрсөткүчтөрдүн стандарттарга шайкеш келээри текшерилет.

Жыйынтыктап айтканда, бул лабораторияда соода жайларында сатылып жаткан тамак-аштын талапка жооп бериши, күнүмдүк турмушта пайдаланып жаткан продукциялардын коопсуздугу текшерилип, адамдардын ар кандай ооруларга чалдыгышына бөгөт коюу иштери жүргүзүлөт.