Ат-Башыда тоодо калган чет элдик турист коопсуз жерге жеткирилди

Аймак 118 13 Август 2026 15:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда "Пик Данкова" чокусу тарапта мотоцикли менен калып калган Нидерланд жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү.

ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылган. Алар туристти коопсуз жерге түшүрүп, анын мотоциклин да тоодон түшүрүп беришти.

Чет элдик турист куткаруучуларга ыкчам жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, видеокайрылуу аркылуу жылуу каалоо-тилектерин айтты.