Ат-Башыда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 13:00
748648331_1040965628618566_8105344343401196667_n.jpg
747761421_1534589131473700_2466703804725205161_n.jpg
749269042_1950351019011249_5583571955353164779_n.jpg
Алдыга
Артка
748648331_1040965628618566_8105344343401196667_n.jpg
747761421_1534589131473700_2466703804725205161_n.jpg
749269042_1950351019011249_5583571955353164779_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Ат-Башы районунда Орто-Кайыңды коктусунан келген селдин кесепеттерин жоюу боюнча тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин алкагында жол жээктеринде топтолгон таштандылар, отун калдыктары жана сел алып келген ылай-топурактар тазаланды. Ошондой эле Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарын суу менен камсыз кылган сугат каналдарынын 500 метрден ашык бөлүгү калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, жол боюндагы кум-шагыл жана топурак атайын техникалардын жардамы менен чыгарылып, аймак иретке келтирилүүдө.

Калыбына келтирүү иштерине 6 даана атайын техника тартылып, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Жумуштар жакынкы күндөрү да уланып, сугат суусун толук берүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү пландалууда.

Ошондой эле суу бөлүштүрүүчү курулманын долбоору даярдалып, аны курууга облустук өнүктүрүү фондунан каражат бөлүү жана курулуш иштерин тез арада баштоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 12-июлда аталган аймакта нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, бир жаран сел суусуна агып кеткен унаадан куткарылган. Табият кырсыгы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда орун алган.