Ат-Башыда облустагы жалгыз ардагердин катышуусунда Жеңиш күнү белгиленди

Аймак 09 Май 2026 13:30
691356120_1000658205803949_2224691454062071102_n.jpg
692010121_1000658555803914_8124852339281137057_n.jpg
690850028_1000658382470598_2446529795654773769_n.jpg
690953790_1000658259137277_2382185851228002719_n.jpg
Алдыга
Артка
691356120_1000658205803949_2224691454062071102_n.jpg
692010121_1000658555803914_8124852339281137057_n.jpg
690850028_1000658382470598_2446529795654773769_n.jpg
690953790_1000658259137277_2382185851228002719_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалымдалгандай, митинг-реквиемде согушта курман болгон жоокерлер эскерилип, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.

Президент Садыр Жапаровдун атынан облустагы согуштун ардагери Сатынды Жапаровго терең ыраазычылык билдирүү менен 200 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардамы тапшырылды.

Майрамдык митинг-реквиемге облус башчысы, район жетекчилери, согуштун ардагери Сатынды Жапаров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана район тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Нарын облусундагы жалгыз ардагер Сатынды Жапаров учурда Ат-Башы районунда жашайт. Ал 1926-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ленинград багытындагы аскердик операцияларга катышкан. Согуштан кийин эмгек жолун улантып, узак жылдар бою Ат-Башы районундагы сүт кабыл алуу тармагында эмгектенген.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда согуштун бир жана ооруктун 7 ардагери жашайт.

Сүрөт: УТРК Нарын