Ат-Башыда Кошой-Коргон чебине баруучу жол асфальтталды

Аймак 25 Сентябрь 2025 13:45
553587286_18025442072733957_1896604431388047372_n.jpg
553554013_18025442069733957_951605581874057504_n.jpg
553808243_18025442075733957_8946023193813789761_n.jpg
554993022_18025442048733957_4592975918416022675_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Ат-Башы районундагы туристтик мааниге ээ Кошой-Коргон тарыхый чебине алып баруучу 2,370 чакырым жол тилкеси толугу менен асфальтталды.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, мындан тышкары Кара-Суу айылынын 1,220 чакырым ички жолуна дагы асфальт басылды.

Бул иштер Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.