Ат-Башыда ишкерлер тоок жана үндүк багууга басым жасашууда

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-06-12 at 11.23.08 (1).jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда канаттууларды багуу багытында иш алып барган жергиликтүү ишкерлердин саны өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ишкер Төлөк уулу Бекбол "Нурбол" кооперативин ачып, учурда жумуртка багытындагы 1000 даана жөжөнү багып жатат. Кооператив келечекте тооктордун санын 10 миңге чейин жеткирүүнү көздөөдө. Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан бул кооперативди колдоо максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин берүү маселеси каралып жатат.

WhatsApp Image 2026-06-12 at 11.23.08.jpeg

Андан сырткары, аймактагы дагы башка ишкерлер тарабынан эт багытындагы 2000 даана үндүк багылууда. Ишкерлер канаттууларды табигый жол менен жайытта багышат. Мунун эки тараптуу пайдасы бар: биринчиден, үндүктүн эти эч кандай химикатсыз, таза өндүрүлсө, экинчиден, алар талаадагы зыянкеч чегирткелерди жеп, айдоо аянттарын тазалоого көмөктөшөт.

Ишкерлер алдыдагы жылы эт багытындагы үндүктөрдүн санын 5000ге чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.