Ат-Башыда ирригацияны өнүктүрүүгө 61,5 млн сом багытталды

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2026 11:35
Оросительный-канал.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.

Белгилүү болгондой, ирригация системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максаттарга 61,5 млн сом багытталган. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Сары-Гоо насостук станциясы реконструкцияланып, көлөмү 1 млн куб метр болгон Чет-Келтебек он күндүк жөнгө салуучу бассейнинин курулушу, ошондой эле Ичке-Таш-Рабат, Чекенди жана Сары-Тал ирригациялык каналдарынын курулушу жүрүүдө.