Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.
Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.
Белгилүү болгондой, 5 жыл аралыгында жол инфраструктурасы жаатында олуттуу иштер аткарылды. Отчеттук мезгилде 68 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлүп, эки көпүрө курулуп, жол-эксплуатациялык ишканалардын эки участогу ачылды.