Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.
Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.
Анда 2021-2025-жылдар аралыгында Ат-Башы районунда жалпы суммасы 910,9 млн сомдук 17 объект ишке ашырылганы белгиленди. Алардын катарында эки мектеп, беш бала бакча, эки спорт залы, жети административдик имарат, ошондой эле асфальт-бетон заводу курулуп, пайдаланууга берилген.