Ат-Башыда 3,5 чакырым жол күн энергиясы менен жарыктандырылды

Аймак 136 12 Август 2026 10:50
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда жолдорду жана айылдардын ички көчөлөрүн күн энергиясы менен жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Нурбек Сатаров райондогу иш сапарынын алкагында Ат-Башы – Ача-Кайыңды жолунун 3,5 чакырым бөлүгүнө орнотулган күн чырактарынын абалы менен таанышты. Алар райондук өнүктүрүү фондунун каражатына орнотулган.

Мындан тышкары, Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө караган айылдардын ички көчөлөрүнө орнотула турган күн чырактарынын даярдыгы текшерилди. Жабдуулар "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланды.

Күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу системалары электр энергиясына кеткен чыгымды азайтып, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле айылдардагы түнкү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө болот.