Ат-Башы районунда жол иштери активдүү жүрүүдө

Аймак Загрузка... 16 Июль 2025 16:47
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Ат-Башы районундагы Калинин – Погранич – Кызыл-Туу унаа жолунун 8-11-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жалпы 2 чакырым 800 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Калган тилкеде жолдун негизи даярдалып бүттү.

Мындан тышкары, жол астынан өткөн суу түтүктөрү калыбына келтирилип, бетон аралашмасы менен бекемделүүдө.

Ушул эле жолдун 13-чакырымынан 18-чакырымга чейинки аралыгы жана Таш-Рабат унаа жолунун 15-чакырым аралыгы толугу менен калыбына келтирилип, жол бети сүрүлүп тегизделди.

Жогоруда айтылган иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, мөөнөтүнөн кечикпей үзгүлтүксүз жүрүүдɵ.