Бишкек, 23.11.25. /Кабар/. Монголиялык ырчы Мишель Жозеф Астанада өткөн эл аралык музыкалык сынакта жеңүүчү болду.
Маалымдалгандай, Казакстандын борбору Астана шаарында азиялык алгачкы вокалдык Silk Way Star долбоорунун көптөн күткөн гранд-финалы болуп өттү.
Бул эл аралык сынак Казакстанда жана андан тышкары миллиондогон көрөрмандар кызыгуу менен көргөн масштабдуу жана теңдешсиз долбоор болуп калды.
Сынактын финалында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо кайрылуусун мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин окуп берди.
Токаевдин кайрылуусунда бул сынак Азия өлкөлөрүндөгү элдердин достугун чыңдоого багытталган демилге экени белгиленген.
"Silk Way Star – бул Азия өлкөлөрүнүн руханий өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө жана элдерибиздин достук байланыштарын чыңдоого багытталган уникалдуу демилге. Долбоор маданий дипломатиянын жаркын үлгүсү болуп, өлкөлөрүбүздүн салт-санааларын жана чыгармачылык жетишкендиктерин таасын көрсөтө алды”, - деп айтылат кайрылууда.
Финалдык программада Армения, Грузия, Казакстан, Кытай, Малайзия, Монголия Өзбекстандын атынан жети катышуучу таймашты.
Silk Way Star долбоорунун жеңүүчүсүнүн атын Казакстандын эл артисти Димаш Кудайберген монголиялык ырчы Мишель Жозеф экенин айтты.
Финалдын түз эфири Jibek Joly телеканалы аркылуу Азербайжан, Тажикстан, Кыргызстан жана Монголияда да көрсөтүлдү.