Бишкек, 22.06.25. /Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында “Кытай – Борбордук Азия” маалымат агенттиктеринин форуму өтүп жатат. Бул иш-чара Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги жана Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында төмөнкү темалар талкууланууда: Жибек жолу боюнча медиа кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык коммуникациянын жаңы форматтарын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, “Жашыл Жибек жолу” концепциясын ишке ашыруу, энергетикалык коопсуздук жана Евразиялык байланыштарды чыңдоо.
Форумдун ачылышында Казакстандын президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев президент Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катын окуду. Ал өз сөзүндө медиа кызматташтыгы мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойноорун белгилеп, форумдун катышуучуларына ийгиликтүү иш каалады.
"Синьхуа" агенттигинин башкы директору Фу Хуа Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы жакын коңшулаштык жана достук мамилелерди баса белгилеп, бул мамилелер өз ара өнүгүү жана коопсуздуктун камсыздалышы боюнча олуттуу жыйынтыктарды бергенин белгиледи.
"Биз “ЖМКны жакындатуу жана даанышмандыкты топтоо” концепциясы аркылуу биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярбыз. Кытайда “Эл ынтымактуу болсо, тоолор да жылат” деген макал бар. Борбор Азияда болсо “Ынтымак бар жерде ырыс бар” дешет. Биз бул форум тарыхта маанилүү из калтырып, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарарына ишенебиз», — деди ал.
Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев өз сөзүндө медиа кызматташтык элдердин жакындашуусуна, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктарды илгерилетүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

"Бүгүн дүйнө тез өзгөрүп жатат, жана бул шартта мамлекеттер ортосундагы ишенимге негизделген өнөктөштүк жана жакшы коңшулук мамилелер мурдагыдан да маанилүү. Борбор Азия өлкөлөрү быйыл мамлекеттик чек араларды делимитациялоону жыйынтыктап, достукту жана экономикалык кызматташууну тереңдетүүдө маанилүү кадам ташташты", — деди ал.
Шерметалиев ошондой эле Борбор Азияны "түбөлүк тынчтыктын аймагы" катары жарыялоо аймактык саясатта маанилүү бурулуш болгонун белгилеп, бул процессте ЖМКлар ортосундагы кызматташтыктын ролу чоң экенине токтолду.
"Маалымат каражаттары коомдук пикирди калыптандыруу, улуттар аралык түшүнүшүүнү бекемдөө жана стереотиптерди жоюу жаатында негизги ролду ойнойт. "Кабар" агенттиги бардык багыттар боюнча — кесипкөй алмашуудан баштап, биргелешкен маалыматтык долбоорлорго чейин — кызматташууга толук даяр", — деп кошумчалады ал.