Asman аirlines авиакомпаниясы бүгүн Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат

Коом 16 март 2025 11:00
Asman аirlines  авиакомпаниясы бүгүн Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат
copyright icon Кыргызстан аэропорттору

Бишкек,16.03.25./Кабар/. Asman аirlines авиакомпаниясы бүгүн Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча алгачкы техникалык каттам аткарат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, жума күнү Душанбеден «Сомон Эйр» учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон.

“Каттамды кайра жандандыруу эки өлкөнүн президенттеринин аракетинин жана жеке колдоосунун аркасында мүмкүн болду”-,деп айтылат маалыматта.