Аскердеги коррупция жана мыйзам бузууларга карата күрөш күчөйт

Коом 4 ноябрь 2025 15:35
574573011_1150401900612194_8000810221243586294_n.jpg
576108172_1150402067278844_7298895279433524646_n.jpg
574576697_1150402030612181_926395959598294027_n.jpg
575125070_1150401877278863_6471680334342901252_n.jpg
576554673_1150401927278858_4663040554694822557_n.jpg
574572785_1150401923945525_774882662073138479_n.jpg
577048986_1150401873945530_7090342111058576423_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызматына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды.

Ошондой эле президенттин жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын» өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырылды.

Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын, уставдык эрежелерден тыш мамилелердин, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын алдын алуу маселелери каралып, бул багыттагы ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.