Аскер кызматкерлерине батир үчүн ижара акысына каралган кенемте көтөрүлдү

Коом 20 январь 2026 14:00
Аскер кызматкерлерине батир үчүн ижара акысына каралган кенемте көтөрүлдү
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Аскер кызматкерлерине батир үчүн ижара акысын төлөөгө каралган кенемте көтөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына ылайык, учурда Бишкек шаарында күнүмдүк ижара акысынын компенсациясы 500 сомго чейин, ал эми аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү.