Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Ноокен районунда селден жабыркаган беш турак жай ээсине камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14-июлда катуу жаандан улам райондо сел жүрүп, 466 турак жайды суу каптаган. Алардын 41и алдын ала камсыздандырылган.
"Бүгүн төрт үй-бүлөгө 1 млн сомдон, дагы бир үй-бүлөгө 600 миң сомдон ашык төлөм бөлүндү. Жалпысынан Ноокенде сел жана өрттөн жабыркагандарга 9 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөндү", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жыл башынан бери облуста 123 үй-бүлөгө 26 млн сомго жакын камсыздандыруу төлөмү берилди. Аймакта жалпы 35 миң турак жай камсыздандырылган.