Ашыкча салмак организмдин инфекцияларга туруштук берүүсүн төмөндөтөт

Ден соолук Загрузка... 11 Февраль 2026 14:04
WhatsApp Image 2026-02-11 at 10.29.59.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Лондондогу Университеттик колледждин (UCL) окумуштуулары ашыкча салмак инфекциялык оорулардан улам ооруканага түшүү же өлүм коркунучун 70 пайызга чейин жогорулатарын аныкташты. Бул тууралуу Medical Xpress журналына таянып, Известия билдирди.

Анда белгиленгендей, изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, дене салмагынын индекси 30дан жогору (семиздик) болгон адамдар инфекциялык ооруларды оор көтөрүшөт. Ал эми индекси 40тан ашкан адамдарда оор инфекцияга кабылуу коркунучу үч эсе жогору.

UCL университетинин нейробиология факультетинин профессору, изилдөөнүн жетекчиси Мика Кивимакинин айтымында, семирүү буга чейин эле диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка өнөкөт илдеттердин негизги коркунуч фактору катары белгилүү болчу. Бирок жаңы изилдөө семирүү инфекциялык оорулардын да оор өтүшүнө түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөттү.

Окумуштуулар 540 миңден ашуун адамдын медициналык маалыматтарын талдап, алардын саламаттыгына орточо 13-14 жыл байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжада, салмагы нормалдуу адамдарга салыштырмалуу, ашыкча салмактагылар сасык тумоо, COVID-19, пневмония, гастроэнтерит жана заара каналдарынын инфекциялары сыяктуу оорулардан улам ооруканага көп түшөрү же каза болору аныкталды.

Изилдөө 925 түрдүү бактериялык, вирустук, паразитардык жана козу карын инфекцияларын камтыган. Ошол эле учурда ВИЧ жана кургак учук ооруларында семирүү олуттуу таасир этпегени айтылды.

Адистердин пикиринде, семирүү организмдин инфекцияларга каршы туруштук берүү жөндөмүн алсыратат. Мындан тышкары, изилдөө арыктоо оор инфекциялардын коркунучун азайтарын да көрсөттү. Семиз адамдар салмагын азайткан учурда, оор инфекцияга кабылуу тобокелдиги 20 пайызга төмөндөгөн.

Изилдөөлөр ошондой эле, жакынкы жылдары дүйнөдө семирүү көрсөткүчү өсүшү мүмкүн экенин эскертип, бул инфекциялык оорулардан каза болгондордун санынын көбөйүшүнө алып келиши ыктымал экенин көрсөттү.