Ашууларда кар жаап жатат. Айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алмаштыруу эскертилди

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 10:40
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрга карата абанын температурасы төмөндөп, тоолуу аймактарда жана Өтмөк, Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп, зарыл учурда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Каттам бар, жол ачык.

Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.