Аширбаев: Чүй облусу өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшүнүн 44 пайызын камсыздайт

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 17:35
511256472_3459182417558266_9200436989456065362_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Чүй облусу өндүрүш, айыл чарба жана туризм тармактарында өлкөнүн алдыңкы аймагы болуп саналат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда Чүй облусу өлкөдөгү жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 44 пайызын, ал эми айыл чарба продукциясынын 24,6–25 пайызын камсыздап келет. Облустун борбордук географиялык жайгашуусу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.

“Чүй облусу бардык багыт боюнча өлкөнүн локомотиви. Бизде өндүрүштү да, айыл чарбасын да, туризмди да өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Инвесторлордун 30–40 пайызы туризм тармагына кызыгууда. Ошол эле учурда жарандар да эс алуу үчүн заманбап шарттары бар жайларды көбүрөөк тандай баштады”, — деди ал.

Аширбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө туризм тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бишкек шаарында 1,5 миллиондон ашуун калк жашагандыктан, дем алыш күндөрү эс алууга чыккан адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ушундан улам Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайлары толууда. Мындан сырткары, Ысык-Ата, Сокулук жана Чоң-Кемин туризм багытында активдүү өнүгүп жатат.

Ошондой эле облус кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү, жашылча-жемиш өндүрүү боюнча өлкөдөгү негизги аймактардын бири экендиги кошумчаланды.