Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун бир катар райондорунда мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен жол куруу жана оңдоо иштерине чоң көңүл бурулуп, пландалган иштер кызуу жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Ат-Башы районунда Ача-Кайыңды–Калинин жолунун 0-3 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери баштоого даярдык баскычында. Жолдун негизи толук даярдалган жана иштер №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Ал эми, Нарын районунда Казарман–Актал-Чат унаа жолунун 3 чакырым тилкесин асфальттоо пландалып, учурда жолдун негизи даярдалды. Бул жумуштар №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Кочкор районунун Бердалиев көчөсүндө 3,43 чакырым тротуар куруу иштери жүрүүдө. Азырынча 1 чакырымга лоток жана бордюрлар орнотулуп жатат. Иштерди №955 Жол тейлөө ишканасы аткарып жатат.
Мындан тышкары, Ак-Талаа районунда Акталчат–Жогорку-Май автожолунун 7 чакырымын асфальттоо пландалган жана учурда жер иштери жүргүзүлүүдө.
"Жол тейлөө ишканалары күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды даярдоодо жана кышкы тейлөө иштерине багытталган пландарды аткарууда. Шагыл жолдорду тегиздөө жана тейлөө иштери да үзгүлтүксүз уланууда",-деп айтылат маалыматта.