Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. АКШда арзандатуулар күнүндө (Black Friday) майрамдык арзандатууларды колдонуу үчүн сатып алуучулар онлайн соодага рекорддук 11,8 миллиард доллар коротушту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 9,1%га жогору. Ар бир мүнөт сайын орточо 12,5 миллион долларлык транзакция жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, америкалыктар “Ыраазычылык күнү” да онлайн режиминде 6,4 миллиард доллар сарпташкан.
Эксперттердин айтымында, бул көрсөткүч АКШда онлайн сооданын жана майрам алдындагы арзандатуулардын дагы эле чоң суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.
Изилдөөгө ылайык, онлайн сатуулар 10,4% га өсүп, дүкөн ичиндеги сатуулар 1,7% га гана өстү.