"Арзан батир" убадасы менен 90 миң доллар алган адвокат кармалды

Укук тартиби Загрузка... 13 Март 2026 12:42
WhatsApp Image 2026-03-13 at 12.32.05.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алганын билдирген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, өздөрүн Р.А. жана К. деп тааныштырган аялдар Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батир жана унаа алып берүүнү убада кылып, жабырлануучудан жалпы 90 миң АКШ долларын алдап алышкан.

Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында шектүүлөрдүн бири аныкталды. Ал Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Р.А. болуп чыкты. Такталган маалымат боюнча, шектүү 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип келген жана Чүй облустук адвокатурасынын мүчөсү болуп саналат. Мындан тышкары, анын ушундай эле ыкма менен башка дагы бир нече жарандарды алдап келгени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүү Р.А. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ бул жарандардын аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефон номери аркылуу байланышууну суранат: +996 503 552 200.

Тергөө иштери уланууда.