Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. 12-октябрда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө артрит менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди. Бул күн 1996-жылдан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) демилгеси менен өткөрүлүп келет жана анын максаты - ревматологиялык оорулардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, бул күндүн негизги максаттары — коомдун артрит жана анын түрлөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, алдын алуунун жана эрте аныктоонун маанисин эске салуу, ошондой эле дарыгерлердин, бейтаптардын жана коомчулуктун аракеттерин бириктирип, бул диагноз менен жашаган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Артрит деген эмне?
Артрит - бул бир же бир нече муундун сезгенүүсү. Адам убагында дарыланбаса, катуу оорутууну пайда кылып, кыймылы чектелип, ошондой эле майыптыкка да алып келиши мүмкүн. Оору ар кандай себептерден улам пайда болушу ыктымал. Кайталанган жаракаттар, ашыкча күч келтирүү, инфекциялар, суукка урунуу, тукум куучулук, стресс же зыяндуу адаттар.
Анын негизги белгилери төмөндөгүдөй:
кыймылдаганда же күч келгенде күчөй турган муундагы ооруу;
кыймылдай албай калуу;
шишик жана кызаруу;
муундун айланасынын ысып жатканын сезүү.
Бул дарт балдардан тартып улгайгандарга чейин ар кандай жаш куракта кездешет. Бирок, көбүнчө андан 30–50 жаш арасындагы адамдар жабыркайт. Артриттин өзгөчө коркунучу - ал акырындык менен өөрчүп, узак убакыт бою билинбей жүрө бергенинде. Ошондуктан дарыгердин үзгүлтүксүз көзөмөлү жана комплекстүү дарылоо талап кылынат.
ДССУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндөгү ар бир онунчу адам артрит менен жабыркайт жана бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө. Муун оорулары дүйнө боюнча эмгекке жарамсыз болуп калган учурлардын негизги себептеринин бири болуп калды.
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору эскерткендей, оорунун алдын алуу – бул эң жакшы коргонуу болуп саналат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу, активдүү жашоо образы, тең салмактуу тамактануу жана зыяндуу адаттардан баш тартуу артриттин өнүгүү коркунучун азайтып, муундардын саламаттыгын узак жылдарга сактап калууга жардам берет.