Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бишкекте өтө турган "Art-Ordo – 2025" эл аралык театр фестивалында жалпысынан 9 спектакль көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
Анын айтымында, быйыл фестивалга Кыргызстандын театрлары менен катар Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн да театр труппалалары катышат.
Фестивалдын программасы:
- 20-октябрь, 15:00 "Эне" спектакли
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры
- 20-октябрь, 19:00 "Где родина моя" спектакли
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры
- 21-октябрь, 11:00 Каракалпак мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын "Каракөз" спектакли
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры
- 21-октябрь, 19:00 Г. Мусрепов атындагы Казакстандын мамлекеттик балдар жана жаштар театрынын "Улпан" спектакли
Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театры
- 22-октябрь, 11:00 "Илегилек" спектакли
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры
- 22-октябрь, 19:00 Өзбекстандын Маргалаң шаардык маком театрынын "Страдание двух сердец" спектакли
Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театры
- 23-октябрь, 11:00 "Чиркин өмүр" спектакли
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры
- 23-октябрь, 19:00 Казакстандын Н. Бекежанов атындагы Кызылордо облустук Казак академиялык музыкалык драма театрынын "Найзагай" спектакли
Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театры
- 24-октябрь, 11:00 "Три сестры" спектакли
Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры