Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 20-24-октябрь күндөрү Бишкекте өткөн X эл аралык "Art Ordo – 2025" театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагында жалпы 8 спектакль көрсөтүлүп, гран-прини Кыргызстандын “Учур” театрынын “Чиркин өмүр” жана Казакстандын “Улпан” спектаклдери жеңди.
Жалпы байге фонду — 1 840 000 сом түздү.
"Фестиваль Борбор Азиянын театр кызматташтыгын жана руханий биримдигин чыңдады",-деп айтылат маалыматта.