Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Күн мурун Армениянын чыгышындагы Чамбарак шаарындагы көп кабаттуу үйдө газ жарылып, алдын ала маалыматтар боюнча беш киши каза болуп, 11и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Синьхуа маалымдады.
Маалыматка караганда, жарылуу имараттын 3-кабатындагы батирлердин биринде газдын чыгышынан улам болгон. Жарылуудан улам экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттардагы батирлер урап түшкөн.
Мындан тышкары, коңшу имараттын батирлери жарым-жартылай жабыркаган.
“Жаракат алгандардын үчөө Еревандагы медициналык мекемелерге жеткирилген. Калгандарынын абалы орто деп бааланууда. Окуянын кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү мэрияда жумушчу топ түзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.