Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Аргентинада күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ТАСС Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына таянып жазды.
Анда белгиленгендей, зилзаланын очогу болжол менен 354 миң калкы бар Сантьяго-дель-Эстеро шаарынан 122 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор жөнүндө маалыматтар айтыла элек.