Аравандын Сырт айылында 109 млн сомдук жаңы мектеп курулууда

Аймак 04 Август 2026 17:20
763098505_1555215289410848_4697106348377712827_n.jpg
763722734_1555215326077511_8263223175315567234_n.jpg
Алдыга
Артка
763098505_1555215289410848_4697106348377712827_n.jpg
763722734_1555215326077511_8263223175315567234_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун Сырт айылында жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 млн сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болуп курулду. Анда 150 окуучуга ылайыкталган 6 окуу классы, химия, биология жана физика сабактары үчүн лабораториялар, эмгек кабинеттери, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгаштырылат. Имараттын жалпы аянты 1630 чарчы метрди түзөт.

Учурда объекттин чатыры жабылып, сырткы жылуулоо иштери аткарылып, ички жасалгалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.