Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады. Анын алкагында райондун 147 миң тургуну акысыз медициналык кароодон өтө алат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, көчмө клиника компьютердик томограф, маммограф, рентген, гастроскоп жана лаборатория менен жабдылган. Бейтаптарды кардиолог, невролог, хирург жана стоматолог баш болгон 10дон ашык тармактык дарыгерлер кабыл алат.
"Тургундар райондон чыкпай эле акысыз диагностикадан өтүп, дарыланууга жана ал тургай хирургиялык операцияларга мүмкүнчүлүк алышат",-деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул демилге министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Фаель Хаир" фондунун ортосундагы 5 жылдык келишимдин негизинде ишке ашырылууда.
Маалымат үчүн: 2025-жылы бул мобилдик клиника өлкө боюнча 33 миңден ашык адамды текшерүүдөн өткөрүп, адистер 86 миңден ашык консультация беришкен.
Араван районунда комплекс үч ай бою кызмат көрсөтөт, андан соң Нарын облусунун Кочкор районуна жөнөтүлөт.