Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда архитектура тармагынын кызматкерлери үчүн жаңы административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы имараттын жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен ишке ашырылып, кызматкерлер үчүн заманбап иш шарттары түзүлдү.
Буга чейин райондук башкармалыктын кызматкерлери 1963-жылы курулган эски имаратта иштеп келишкен.
“Учурда министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.