Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Араван районунда Normeca Health Management мобилдик мультидиагностикалык клиникасы калкка толук акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнү улантууда.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган мобилдик клиника үстүбүздөгү жылдын 9-мартынан бери райондо 7 625 бейтапты кабыл алып, 22 221 консультация жана 22 офтальмологиялык операция жасады.
"Бул демилге Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруусу менен ишке ашууда. Долбоор алыскы айылдар үчүн 5 жылга эсептелген жана курамында заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылган 8 трейлер жана жардамчы унаалар бар", - деп айтылат маалыматта.
Көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардын тизмеси:
Көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардын тизмеси:
- Дарыгерлердин кабыл алуусу: Үй-бүлөлүк дарыгер, кардиолог, стоматолог, ЛОР, офтальмолог, невролог, гинеколог, эндокринолог, хирург, гастроэнтеролог, уролог;
- Диагностика жана изилдөөлөр: Лаборатория, компьютердик томография, рентген, УЗИ, гастроскопия, колоноскопия, маммография;
- Чакан хирургиялык операциялар: Катаракта, грыжа, варикоз, фибромэктомия жана башкалар;
- Дары-дармек менен камсыздоо: Бейтаптарга 10 күнгө чейинки зарыл болгон дарылар акысыз берилет.
Мобилдик клиника Араван районунда 2026-жылдын 6-июнуна чейин иштейт, андан соң Нарын облусуна жөнөп кетүүсү пландалууда.
Эскерте кетсек, бул долбоор алгач 2021-жылдын ноябрь айында Кемин районунда башталган. Ошондон бери өлкө боюнча жалпы 167 миң 793 бейтап кабыл алынган.