Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Араван районундагы Төө-Моюн айылынын 20 миңге жакын тургуну үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулады.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, айыл тургундарынын кайрылуусунан кийин алар Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитилип, медициналык кызмат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилди.
Учурда Төө-Моюн айылындагы медициналык мекемеге жаңы тез жардам унаасы тапшырылып, заманбап санариптик флюорография аппараты орнотулду. Ошондой эле филиалдын имаратын капиталдык оңдоого 14 млн сомдон ашык каражат каралууда.
Мындан тышкары, Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф ишке киргизилип, аймак тургундарына жеринен так диагностикадан өтүүгө шарт түзүлдү.
Министрликтин өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу экенин белгилешти.