Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды

Аймак 1421 18 Март 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.34 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Араван райондук автобекети мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган объект Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жана жалпы аянты 0,33 гектарды түзөт.

Тактап айтканда, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.