Арашанчылар койлорун канчага сатканын ачык көрсөтүүсү зарыл – министр

Коом Загрузка... 25 Май 2026 12:25
5375303931073861047.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Арашанчылар койлорун канча баада сатканын ачык-айкын көрсөтүүсү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, арашан койлорун сатууда фермерлер пайда табуусу керек. Ошол эле маалда салык төлөшү шарт.

“Арашанчылар кыргыздын асыл тукум коюн көбөйтүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө Дубайга, Сауд Аравиясына барсаң да арашан жөнүндө сөз кылып, сурашат. Мындан улам арашанчылардын мээнети чоң экенин айтсак болот. Алар ассоциация болуп, социалдык тармактарга чыгып, койлорду көрсөтүп жатышат. Койлордун баасы миллион болбосо дагы, кымбат баага бааланышы керек. Буларга да шарт койдук. Экспортко чыгарганда салык төлөшү керектигин айтканбыз. Ошондой эле элдин алдында койдун канчага сатылганын ачык-айкын көрсөтүшү зарылдыгын белгиледик. Эгерде 6 миллион койдун бардыгын арашан кылып алсак, кандай сонун болот. Козусу туулганда эле 10 миң долларга бааланат. Биз ар бир койду экспортко чыгарууда сүрөтүн алып, биздин системада барбы деп карап, паспортун берип, анан сыртка чыгарабыз. Арашан койлорун саткан 10-20 арашанчы болобу, миң киши болобу, ошолор пайда тапса дагы, биздин экономикабызга да пайда", — деди министр.

Эрлист Акунбеков буга чейин арашанчылар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укканын айтты.

”Иш болгон жерде көйгөй болбой койбойт. Арашанчылар экспорт жабылып калды, экспортко чыгара албай жатабыз деп, маселени чечип берүүнү суранышкан. Биз бул маселени чечип бердик", - деп айтты Акунбеков.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети саналуу күн мурун арашан койлорун экспорттоого мүмкүнчүлүк түзгөн токтом кабыл алды.