Кыргызстандын Арашан асыл тукум койлору дүйнөлүк рынокко чыгат

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 18:00
5375303931073861047.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Арашан асыл тукум койлорун дүйнөлүк рынокко чыгарууга даярданууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арашан породасы эт багытында жогорку көрсөткүч берип, кочкорлордун салмагы 200 кгдан ашты. Бул порода тез жетилүүсү менен эл аралык рынокто чоң кызыгуу жаратууда.

Министр Эрлист Акунбеков Арашан асыл тукум койлорун өстүрүүчүлөр менен жолугушууда бул породаны эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча негизги багыттарды белгиледи. Тоют камдоо, асыл тукум койлорду каттоо, чиптөө, паспорттоштуруу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана Арашан улуттук брендин түзүү боюнча чаралар күчөтүлө турганы айтылды.

Жыйында Арашан породасын экспорттоо, мамлекеттик колдоону, илимий изилдөөнү камсыздоо жана адистештирилген борбор түзүү маселелери талкууланды.

Министр белгилегендей, азыр Арашан койлору үйдүн же кымбат унаанын баасына теңелүүдө.

“Мамлекеттин негизги максаты фермерлерге жаңы рынокторду ачып берүү. Биз Арашанды дүйнөлүк деңгээлдеги индустрияга айлантабыз”, — деди Эрлист Акунбеков.

Азыр Арашан породасындагы койлордун саны 48 миң башка жетти. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 4–5 эсе көбөйтүү пландалууда.

Учурда министрлик бул породаны экспорттоого шарт түзүүгө киришти. Азыр Арашан асыл тукум койлорун Казакстан, Өзбекстан жана Россияга экспорттоого уруксат берүү боюнча токтом долбоору макулдашууда турат. Асыл тукум койлорду өлкө ичинде жайылтуу да күчөтүлөт.

Койдун генетикасын сактоо, өнүктүрүү үчүн жасалма уруктандырууну киргизүү жана геномдук баалоо лабораториясын ачуу иштери жүрүүдө.

Арашан породасы 2021-жылы расмий катталып, 2023-жылы селекциялык жетишкендик катары мамлекеттик реестрге киргизилген.