Арашан – Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Коом 24 март 2026 13:15
656306662_1250115220630555_8558378682403612436_n.jpg
656672106_1250115437297200_5438366891440178551_n.jpg
656674601_1250115307297213_543303624118260783_n.jpg
656759519_1250115450630532_4148224496238808460_n.jpg
656839594_1250115370630540_6767827374027249954_n.jpg
656850198_1250115310630546_4074057814179852249_n.jpg
657040419_1250115360630541_945223562235293977_n.jpg
657154686_1250115233963887_5646912411966569677_n.jpg
657472750_1250115490630528_7900735695809564619_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Арашан – Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, асфальттоо иштери апрель айында башталат. Учурда жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылы суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери бүткөрүлгөн.

Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Аталган жол туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Жол тоо лыжа базасына жана аймактагы эс алуу жайларына алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.