Арал – Казарман унаа жолу бир тараптуу ачылды

Коом Загрузка... 08 Август 2025 10:45
529409213_1067156902259722_2153634487448746657_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 08.08.25 /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинин 283-284-чакырымдар аралыгына түшкɵн таш тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 24-июль күнү болжол менен саат 12:00дө тоо бетинен ири көлөмдөгү таш түшүп, жол убактылуу жабылган.

Тазалоо иштерине министрлик алдындагы Жол тейлөө ишканалары тартылган. Түшкөн таштын кɵлɵмү чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 жол кызматкери тынымсыз иш алып барган.

Белгиленгендей, жалпысынан141 000 м3 таш тазаланды.