Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата инновациялык китепкана ачылды

Билим 07 Октябрь 2025 12:10
557893875_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
560597648_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
557967451_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
558464735_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
557893875_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
560597648_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
557967451_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
558464735_1389.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын 80 жылдык мааракесине карата моделдик китепкананын салтанаттуу ачылышы болду.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Модель китепкана заманбап санариптик технологияларды камтыйт. Студенттик кызматтар автоматташтырылган жана атайын сканер эки сааттын ичинде 10 000 китепти сканерлей алат.

Мындан тышкары, университет Россиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын алдыңкы университеттери менен кызматташууну активдүү өнүктүрүүдө, профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлердин илимий жарыялоо ишмердүүлүгүн жогорулатууда.

Моделдик китепкана россиялык «Библио-Про» компаниясы менен биргелешкен долбоордун алкагында түзүлүп, заманбап технологиялар менен жабдылган. Анда ыңгайлуу окуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.