Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 84 жылдыгы. Бишкекте митинг-реквием өттү

Коом Загрузка... 20 Июнь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бермет Жумабекова

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 84 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.

Иш-чарага ардагерлер, аскер кызматкерлери, студенттер, дин кызматкерлери, коомдук жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгондор эскерилип, келген коноктор сөз сүйлөп, согуш жылдарындагы ырлар аткарылды.

Уюштуруучулар бул күн ар бир адам үчүн өзгөчө трагедиялуу жана маанилүү экенин баса белгилешти. Алар курман болгон жоокерлер эрдиктин, кайраттуулуктун үлгүсү бойдон кала берерин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, митинг-реквием жыл сайын 22-июнь эскерүү жана аза күтүү күнүнүн алдында өткөрүлөт. Мындай иш-чаралар ушул күндөрү Кыргызстандын башка шаар жана айылдарында да өтөт.

Материалды Бермет Жумабекова даярдады