Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Мамлекет тарабынан шайлоодо мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди.
Садыр Жапаров бул жолку шайлоодо санарип технологиялар, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, добуштарды электрондук санап чыгуучу автоматтык система, шайлоочулардын онлайн-реестри жана аралыктан добуш берүү системасы колдонулганын айтып өттү.
“Ар бир жаран бир гана жолу добуш бере алды жана бул санарип жабдуулар аркылуу толугу менен ачык-айкын көрүнүп турду. Добуш сатып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга болгон аракеттерди катуу көзөмөлдөдүк. Добуш сатып алууга шектелген айрым талапкерлер шайлоо процессинен четтетилишти. Ошондой эле үгүт иштерине аралашкан мамлекеттик кызматкерлер да жоопкерчиликке тартылышты. Кыскасы, ар бир шайлоочунун укуктарын коргоо үчүн бардык шарттар түзүлдү. Мамлекет тарабынан мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлдү”, - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчысы саясий өнөктүктө ар бир шайлоочу каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүү укугу камсыз кылынганын белгиледи.
“Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдө жашаган жарандарыбызга сөзсүз түрдө катталган дареги боюнча эмес, өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы, Ат-Башы районунун тургуну Бишкекте же тээ алыстагы Лондон шаарында жүрсө дагы өз округундагы талапкерге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жана убактылуу жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын толук камсыз кылуу максатында бул ирет чет мамлекеттерде 100 шайлоо участкасы ачылган. 2021-жылы алардын саны 59 болгон. Бул чечим биздин мекендештерибиз тарабынан кеңири оң баасын тапты”, - деди президент.
Садыр Жапаров кошумчалагандай, өлкө сыртында добуш берүүгө катышкан жарандардын саны үч эселеп көбөйүп, 26 миң адамды түздү. 2021-жылы бул көрсөткүч 9 миң адамды түзгөн.