Бишкек, 04.10.25 /Кабар/. Ар бир инсандын жашоосундагы эң негизги пайдубалды мугалим түптөйт. Бул тууралуу "Жылдын мыкты мугалими" наамын жеңип алган Элзат Асанова Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мугалимдин айтымында, ар бир кесиптин башаты мугалимден башталат.
"Анткени бүгүнкү президентти да, министрди да мугалим окуткан. Аларга билим берип, бүгүнкү бийик даражага жеткирген ошол агартуучу. Келечекте күчтүү Кыргызстанды кура турган инсанды да дал мугалим тарбиялайт. Ошондуктан бүгүн мугалимдин орду коомдо өзгөчө. Анын эмгеги баа жеткис, жоопкерчилиги өтө чоң",-деди ал.