Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттыгына талапкерлерди каттоону аяктады. Өлкө боюнча 30 шайлоо округунда 467 талапкер катталды, алардын ичинен 276сы эркектер, 191и аялдар.
10-ноябрдан тарта өлкөдө шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий башталды, ал 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жатканына байланыштуу шайлоо процесси кыскартылган мөөнөттө өткөрүлүүдө. Бирок, талапкерлерди каттоодон баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптар "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамына ылайык так жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өзгөчө көңүл бура турган окуя. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эксперт Жибек Абдыкеримова билдирди.

Анын айтымында, мында негизги маселе ким жеңет дегенде гана эмес, шайлоочулардын катышуусу мурунку шайлоолорго салыштырмалуу жогору болобу деген суроодо. Акыркы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу салыштырмалуу төмөн болгон. Бирок, учурдагы абалга таянып, быйылкы жылы шайлоочулардын катышуусунун өсүшүнө бир нече факторлор себеп болушу мүмкүн деп божомолдоого болот.
Биринчи кезекте, бул бийлик тарабынан күчөгөн мотивация жана шайлоо процессине активдүү катышуу. Тактап айтканда, мындай кайрылууларды президент Садыр Жапаров, коомдук ишмерлер, лидерлер айтып, жарандарды абийирдүүлүккө жана добуш берүүгө катышууга чакырышууда. Анткени, биздин жакынкы аралыктагы келечегибиз ушундан көз каранды.

Мындан тышкары, өлкөнүн жогору жетекчилиги Кыргызстандагы жашоо деңгээлинин жакшырышы үчүн шайлоочулардын шайлоого көбүрөөк катышуусу маанилүү экенин белгилешүүдө.
Кошумча фактор катары жаңылык натыйжалуулугун дагы карасак болот, анткени шайлоонун мөөнөтүнөн мурда жарыяланышы болуп жаткан окуянын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун жаратат. Бул дагы жарандардын катышуусуна түрткү бериши мүмкүн.
Жана акырында, коомдун социалдык-саясий маанайы чоң ролду ойнойт. Эгер жарандар шайлоону өлкөдөгү кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү катары кабыл алышса, анда, албетте, бул шайлоочулардын катышуусу мурункуга караганда жогору болуу ыктымалдыгын арттырат", - деп белгиледи эксперт.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо катталган шайлоочулардын жалпы санынын 34,67 пайызы гана катышкан.
Бул Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун тарыхындагы эң төмөнкү катышуулардын бири болгонун белгилей кетүү керек — катталган 3,703 млн шайлоочунун болжол менен 1,284 миллионго жакыны гана добуш берген.

Бардык талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүк
БШК шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылды. Талапкерлер, саясий партиялар жана демилгелүү топтор үгүт өнөктүгүн эркин жүргүзүүгө, өздөрүнүн программаларын тааныштырууга, шайлоочулар менен жолугууга жана дебаттарга катышууга укуктуу.
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү ЖМКлар, интернет-платформалар, жыйналыштар жана башка иш-чаралар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жарандар менен жолугушуу үчүн аянтча түзүп берүүгө милдеттүү.
Талапкерлер жана партиялар басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын тарата алышат, бирок үгүт жүргүзүүнүн ар бир түрү мыйзамдын талаптарына ылайык келиши керек.
Таза шайлоо - жарандардын ишениминин кепилдиги
Үгүт иштерин жүргүзүүгө кимдердин укугу жок экени мыйзам так аныкталган. Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, диний ишмерлер, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында таратылган чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген бардык материалдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык каралат.
Үгүт иштерин каржылоо расмий шайлоо фонддору аркылуу гана мүмкүн. Мындай чара ачык-айкындуулукту жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган.
Шайлоочулардын контролдук тизмеси жарыяланды
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону утурлай шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/. Шайлоочулардын тизмеси күн сайын жаңыланып турат.
Бүгүнкү күндө контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 млн 297 миң 40 адамды түзөт, анын 2 млн 82 миң 263ү (48,46 пайыз) эркектер жана 2 млн 214 миң 777си аялдар (51,54 пайыз).

Ар бир добуш маанилүү
Шайлоо бул жөн гана формалдуулук эмес. Алар ар бир жаран үчүн өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасирин тийгизип, аймактык өнүгүүгө, экономикага, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана жашоонун сапатына таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Ар бир добуш маанилүү, ар бир шайлоочу болочок парламенттин жүзүн калыптандырат. Шайлоого жоопкерчиликтүү катышуу — бул жарандык жетилгендиктин жана мамлекеттин демократиялык принциптерине болгон ишенимдин көрүнүшү.
2025-жылдын 30-ноябры — бул Кыргызстандын ар бир жаранынын үнү угула турган күн.