Apple компаниясы бүгүн iPhone 17 сериясын расмий тааныштырат

Дүйнө Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:30
d6c8b997-ed7e-4a43-afab-80708dd3f5f0.jpeg

Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Жыл сайын сентябрда Apple компаниясы дүйнөгө жаңы iPhone моделдерин сунуштайт. Көп нерсе алдын ала белгилүү болгону менен, Apple компаниясы майда-чүйдөсүнө чейин өзгөртүү киргизип, таң калтырууну улантууда. iPhone 17 сериясында дал ушундай көрүнүш күтүлүүдө. Сыртынан көп деле өзгөрбөгөндөй сезилгени менен, ичинде чоң өзгөрүүлөр бар.

Бул сериянын эң чоң жаңылыгы — ультражука iPhone 17 Air. Анын калыңдыгы болгону 5,5 мм болуп, бул Apple’дин тарыхындагы эң жука iPhone болот. Салыштыруу үчүн: iPhone 6 — 6,9 мм болгон.

Негизги өзгөчөлүктөрү:

  • 6,6 дюйм экран;
  • Салмагы: 145 грамм;
  • Бир арткы камера;
  • Физикалык SIM жок (eSIM гана);
  • Бир гана динамик;
  • Түстөрү: кара, күмүш, алтын жана жаңы ачык көк .

Ультражука корпусунун айынан аккумулятору начар экени айтылууда. Ошондуктан, Apple атайын аккумулятордук кап менен чыгарууну пландап жатат.

Калган моделдерде эмнелер өзгөрөт?

  • Жаңы чипсет (мүмкүн A19 Bionic);
  • Жакшыртылган дисплей жана камералар;
  • Материалдык өзгөрүүлөр, салмак жана форм-факторлор.

iPhone 17 Air формасы менен таң калтырса, Pro версиялар күчтүү функционалдуулукка басым жасайт.