Apple 2027-жылы iPhone 19дун ордуна iPhone 20 чыгарат

Дүйнө Загрузка... 23 Октябрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-10-23 at 08.20.51.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Америкалык Apple корпорациясы iPhone 19дун ордуна 2027-жылы iPhone'дун 20 жылдыгын белгилөө үчүн iPhone 20 чыгарат. Бул тууралуу Известия ETNews маалымдаганын жазды.

Басылма белгилегендей, Apple 2027-жылдын биринчи жарымында iPhone 18 жана iPhone 20, ал эми жылдын экинчи жарымында iPhone 20 Air, Pro, Pro Max жана iPhone Fold 2 чыгарат.

Apple 2017-жылы 10 жылдыгын белгилегенде да ушундай ыкма колдонуп, iPhone 9 чыгарбай, анын ордуна iPhone 8 жана iPhone X'ти тааныштырган.