Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык китепкана ар кыл курактагы окурмандар үчүн ачык аянтча болуп саналат. Бул жерде китеп көргөзмөлөрү, авторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, театрлык коюлмалар, кружоктор жана темалык сабактар өтөт. Анда ар кандай тилдердеги китептер бар. Китепкана түрдүү бөлүмдөргө бөлүнүп, балдар бакчасынан баштап пенсияга чыккан адамдарга чейин арналган китептерди камтыйт.
Балдар менен активдүү иштеген бөлүмдөрдүн бири — «Балалык».
"Учурда бул жерде 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн сабактар өтүлүп жатат. Чыгармачыл мастер-класстар өтүлөт, балдар кол эмгектерин жасашат, сүрөт тартышат, ар кандай оюндарга катышышат. Мындай сабактар шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү уюштурулат", — деди «Балалык» бөлүмүнүн башчысы Рита Алиева.
Аларга ата-энелер, чоң ата, чоң энелер менен бирге, ошондой эле балдар бакчалары жана мектептерден уюштурулган топтор да катыша алышат.

«Эгер мектеп же бала бакчадан алдын ала кабарлашса, биз азыркы программабызды айтып, атайын материалдарды даярдап коёбуз. Кээде темалык суроолор келип түшөт — космос, технологиялар боюнча же планшетте сүрөт тартууну көрсөтүү сыяктуу. Биз эмне сунуштай алабыз деп карап, керектүү нерселердин баарын даярдайбыз», — деп түшүндүрдү китепкананын директорунун орун басары Лариса Кислова.
«Балалыктын» ичинде кичинекей сахна бар, анда китепкана кызматкерлери куурчак спектаклдерин коюшат. Мындан тышкары, дем алыш күндөрү актердук чеберчилик сабактары өтөт.
Анын катарында китепкана жаңы окуу жылына даярданууда. Күзүндө кошумча долбоорлор башталат, анын ичинде экологиялык долбоорлор да бар. Бул пластик баштыктарды колдонуу чектөөлөрү боюнча демилгеге байланыштуу.
«Бирок азыр да экология боюнча сабактар өтүп жатат — сүрөт тартуу, окуу боюнча мастер-класстар жана башка иш-чаралар», — кошумчалады Рита Алиева.
Китепкананын түзүмүндө башка аянтчалар да бар. Мисалы, Орус борборунда орус адабиятына жана маанилүү даталарга арналган иш-чаралар өтөт. Америкалык бурч өзүнчө иштейт, ал жерде англис тилиндеги чоң китептер жыйнагы бар.
Мектептен сабак өтүү боюнча суроолор келсе, китепкана темалык программа — экскурсия, окуу, графика же технология боюнча мастер-класс даярдай алат, эгер мүмкүнчүлүгү болсо.
«Эгер тема биздин программадан тышкары болсо,аны биз ачык айтабыз. Бирок, адатта, альтернатива сунуштайбыз —бизде ар кандай багыттар жана бөлүмдөр бар», — деп түшүндүрдү директордун орун басары Лариса Кислова.
Мындан тышкары, китепкана сыртка чыккан иш-чараларды да уюштурат. Он жылдан ашык убакыттан бери китепкана кызматкерлери мектептерге, жаңы конуштарга, шаардык аянтчаларга библиокербен менен чыгышат. Бул спектаклдер, мастер-класстар, оюндар болушу мүмкүн. Мындай чыгыштар негизги даталарга — 1-июнь, 1-сентябрь, Китеп күнү жана башка күндөргө туура келет.

«Мурда эл аралык уюмдар колдоп турушкан. Алар транспорт, техника, материалдар менен жардам беришчү. Азыр негизинен өз алдынча, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен иштейбиз, бирок библиокербен форматы сакталууда. Биз көчөгө чыгып, ачык сабактарды өткөрүүнү дагы да улантабыз», — деди Кислова.
Ошондой эле китепкана жергиликтүү авторлор менен кызматташат. Алар өз аудиториясы менен же китепканага келген окурмандардан курам түзүп, китеп презентацияларын, окууларды, чыгармачыл жолугушууларды өткөрүшөт. Кээде алар бир нече китепти белек кылып, калтырышат.
«Биринчи китеп менен таанышабыз, анан документтерди түзөбүз — ошондон кийин китеп биздин тизмеге киргилип, окууга пайдаланылат », — деп кошумчалады китеп сактоочу.
Бардык пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалыматтарды китепкана расмий Фейсбук жана Инстаграм баракчаларында жарыялашат.
Жумабекова Бермет