Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Anthropic, Google жана OpenAI компаниялары жасалма интеллект тармагында стандарттарды аныктоочу орган түзүүнү талкуулап жатышат. Бул тууралуу Анадолу билдирди.
Маалыматка ылайык, бул демилге АКШда жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу темпин жайлатуу жана технологияны көзөмөлдөө боюнча талкуулар күчөп турган учурда көтөрүлдү.
Мындай орган жаңы жана өнүккөн жасалма интеллект моделдерин ишке киргизүүдөн мурда коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрөт.
Буга чейин Anthropic компаниясынын башкы директору Дарио Амодеи жасалма интеллекттин өнүгүү темпин жайлатууга чакырган. Анын айтымында, технология өтө тез өнүгүп, келечекте адамдын аны түшүнүү жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн ашып кетиши мүмкүн.
OpenAI компаниясынын башкы директору Сэм Альтман Амодеинин сунушун колдоп, жасалма интеллект системаларын көз карандысыз баалоо боюнча ушундай кадамдарга барууга даяр экенин билдирген.
Ошол эле учурда технология тармагындагы компаниялар жасалма интеллектти кантип жана ким тарабынан көзөмөлдөө керектиги боюнча бир пикирге келе элек.
Амодеи АКШ бийлигин Кытайга микрочиптерди экспорттоого коюлган чектөөлөрдү күчөтүүгө жана кытайлык жасалма интеллект лабораториялары америкалык компаниялардын моделдеринен маалыматты “дистилляция” ыкмасы аркылуу алуудан сактанууга чакырган.
Ал ошондой эле жасалма интеллекттин өнүгүшүн жайлатуу боюнча сунушунун негизги көйгөйү катары Кытай жана башка атаандаш өлкөлөр мындай чараларга кошулбай коюшу мүмкүн экенин белгилеген.