Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы "Америка үнүнүн" 600гө жакын кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги The New York Times басылмасына таянууу менен билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, кызматтан бошотуу журналисттерге жана айрым административдик кызматкерлеринин үчтөн биринен көбүнө таасирин тийгизди.
Жумушчуларды кыскартуу Трамптын администрациясы медиа уюмдун баш кеңсеси жайгашкан Вашингтондогу федералдык имаратты сатыкка койгондон кийин болду.
Жумуштан алынган журналисттердин айрымдары чет өлкөлөрдөн келген. Алар июнь айынын аягына чейин АКШдан кетүүгө аргасыз болушат, анткени алардын иммиграция статусу маалымат уюмундагы ишине байланыштуу.
Американын үнүн көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин (USAGM) улук кеңешчиси Кари Лейк Трамптын администрациясы өзүнүн мыйзамдуу ыйгарым укуктарынын чегинде иш-аракет кылганын айткан.
“Администрациянын артыкчылыктарына жооп берүү үчүн биз агенттикти тартипке келтирүү жана федералдык бюрократияны кыскартуу процессиндебиз”,-деген Кари Лейк.
1942-жылы негизделген "Америка үнү" радиосу Трамп кол койгон буйруктан кийин 15-мартта ишин токтоткон. Апрель айындагы соттун чечими Трамптын администрациясына агенттикти жана ал көзөмөлдөгөн башка редакцияларды жоюуга бөгөт койгондон кийин анын жаңылыктар программасы жарым-жартылай калыбына келтирилген.